четверг, 1 апреля 2010 г.

“Милли жана Мейси парады” кыргызча жарык көрдү


Америкалык жазуучу Шейне Коринин “Милли жана Мейси парады” деп аталган балдар үчүн чыгармасы кыргызча китеп болуп чыкты. Китептин бет ачаары бүгүн Бишкекте Касмаалы Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр китепканасында өтөт. Ага Кыргызстандагы АКШнын элчиси Татиана Гфэллер, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү катышат. Китеп АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин көмөгү менен жарык көрдү. Бул тууралуу аталган элчиликтен кабарлашты. Бүгүн 2-апрель балдар адабиятынын эл аралык күнү. Кыргыз өкмөтү былтыр “Мамлекеттик тилдин өнүгүшүн колдоо” боюнча токтом кабыл алган. Ага ылайык классикалык балдар адабиятын, көркөм тасмаларды, мультфильмдерди кыргызча которууга бюджеттен акча бөлүп туруу каралган. Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Бегаалы Наргозиев “Азаттыкка” азыр өкмөт дүйнөлүк адабият үлгүлөрүн которууга каражат издеп жатканын билдирген эле. (EBM)

среда, 24 марта 2010 г.

“Адашкан кайберенден” эмне табабыз?

Баткендик дагы бир жазуучу Абдинаби Даабековдун чыгармалары менен алгач кокус таанышып калгам. “Айтыш” фондунун “Калемгер” бутагы бир жылы мыкты аңгемелерге байге сайып, мен калыстар тобуна кошулуп калып, автору бизден, калыстардан, жашырылган толгон-токой чыгармалардын ичинен бир автордун төрт аңгемеси жагып туруп алды. Төртөөнө тең жакшы баа бердим, бирок шарт боюнча бир гана чыгармасы өтүшү керек экен. Албетте, “Майпуруш” дегендей дагы үч мыкты аңгемеси байгеге илинбей калганына ичим ачышты деңизчи. Жалпысынан бир чыгармасы менен дале байгелүү орунга илешти. Жашыруун атты жандыра келсек баткенчи мугалим, усулчу, ушул Абдинаби Даабеков экен. Ошол уткан аңгемеси “Булак – 1″ жыйнагына кирди. Кийин “Күзгү санаа” деген жука китебин да окудум.
Эми колумда “Адашкан кайберен” аттуу аңгемелер жана повесть жыйнагы турат. Сегиз аңгеме жана китептин аты берилген чакан повесть кирген бул жыйнак жалпысынан турмуш тууралуу, адамдар тууралуу, Сиз билген эле, аралашып жүргөн, бирок экөөбүз байкабай келген кишилер тууралуу. Жазуучу реалист катары турмушту майда-чүйдөсү менен маанилүү дегендерин аябай натуралисттик тактык, айылдык тазалык, бүркүтчөсүнөн караган көрөгөчтүк менен берет.

Сүйүүнүн баткенчи султаны

“Оо, сүйүү” деген китептин автору бүт өмүрүн агартуу тармагына арнап келе жаткан Тургунбай Жумаев. Анын буга чейин “Кумар көз”, “Сен бар үчүн” деген ыр жыйнактары чыккан. Жаңы китеби менен таанышып отуруп чын жүрөктөн оргуп келген, ашык болуп махабатка арбалган жигиттин арманын, дил туйгуларын жана эң башкысы сүйдүргөн жана сүйгөн адамдардын образдарын көрдүм.
Оо, сүйүү!
Сен ыйыксы
ң, башка ыйыктар чендебес,
Сен бийикси
ң баарына эле кол жетпес.
Таразасы
ң тактык үчүн жаралган,
Тактыгы
ңа акыл жетпес, сөз жетпес, – деп акын байыркы бабаларынча дагы бир жолу сүйүүнүн дервишине да, султанына да, кулуна да, бийине да айланып чыгат. Анын поэзиясы Баткен жеринде азырга чейин жугу-журту калып келген ортокылымдык фарсый акындарынын таасирин өзүндө сиңдирип тургандыгы менен кызыктуу. Китеп 1000 нускада Оштон чыккан.
“Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.02.2010-ж.

“Алтын-Бешик авазы”

Баткен облусунда жашап жаткан улуу-кичүү жазуучулардын жана адабият талапкерлеринин адабий чыгармаларынын топтому ушундайча аталат. Албетте, китеп антология да, хрестоматия да эмес, адабиятта тиш кагып калган таанымал инсандардын да, эң алгачкы жазгандардын тырмак алдыларын да өзүнө камтыган кадыресе адабий альманах.
Тааныштыруу максатындагы “бысымылда” сөзүн Улуттук жазуучулар союзунун облустук бөлүмүнүн төрагасы, таланттуу жазылган тарыхый романдардын автору Мурзапар Үсөнов жазган. Бул китептен Эгемберди Эрматов, Нууман Сайдуллаев, Аскар Ражабалиев, Атакул Жакыпов, Абдилат Дооров, Абдинаби Даабеков сыяктуу авторлор мурдагы бийиктигинен жаңылбай баратканын көрсөтсө, чегилбеген жумурткадан чыга электердин жазгандары жөнүндө али так пикир айтуу кыйын. Негизгиси аймактын 28 авторунун ырларын, 9 карасөзчүсүнүн аңгемелерин окуп чыккандан кийин Түштүк-Батыш Кыргызстандын абасынан дем алып, ал жактагы дили таза, сүйлөгөн-күлгөнү майин, мүнөзү камтар кишилер менен дагы бир кездешип, ичкилик говорунун ширин тилинен дагы бир жолу ооз тийесиң.
Китептин түзүүчүсү акын Тургунбай Жумаев, Ош шаарынан 500 нуска менен жарык көргөн.
“Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.02.2010-ж.
http://kmb3.kloop.kg/2010/03/01/zhaңy-kitepter-zhentegi/

Жашагым келет, жашагым” деди, бирок…

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде жаш акын Лира Үсөнакун кызынын “Жашагым келет, жашагым” деп аталган китебинин бет ачар аземи жана эскерүү кечеси өттү. Бул кече кайгылуу жана көз жашка толгон кече болду. Себеби таланттуу жаш акын азыркы учурда тирүү болгондо 31 жашка чыкмак. Шум ажал Лира Үсөнакун кызын 2009-жылдын март айында арабыздан алып кеткен. Кечеге жаш акынды окутуп билим берген мугалимдери, кесиптештери, достору жана ата-эне, бир туугандары катышты.
Алгач филология илимдеринин доктору Замира Дербишевага сөз берилди. Ал Лира Үсөнакун кызы таланты ачылбай калган жаш акын жана котормочу катары бааланды. “Шум ажал аны арабыздан алып кетпегенде таланты ташкындаган акын дагы көптөгөн ырларды жаратып, көптөгөн чыгармаларды котормок. Арабызда Лира жок, бирок анын өлбөс-өчпөс ырлары калды”,-деди Замира Дербишева.
Андан соң университеттин ага окутуучусу Мухиттин Гүмүш мырзага сөз берилип, Лира акылга бай, талантка бай жан экендигин айтып өттү. Лиранын эмгегин, адамгерчилигин, талантын үнү каргылдануу менен эскерди.
Кечеде университеттин даярдоо курсунун студенттеринин жардамы менен жаш акындын жүрөгүнүн түпкүрүнөн атылып чыккан, жөнөкөй, бирок мазмундуу жаралган ырларынан көркөм окулду.
Лира Үсөнакун кызы ырлар жыйнагын топтоп китеп кылып эл алдына чыгарууга өмүрү жетпегендигин кесиптештери жана курбулары айтып өтүштү. Анын эң жакын курбусу Зуура Алтымышова болсо, Лира ооруп ооруканада жаткан учурда да колунан калем, кагазын түшүрбөй ыр жазгандыгын эскерип өттү.
Ошондой эле Лиранын “Жашагым келет жашагым” аттуу ыр китебине баш сөз жазган, жаштар сыйлыгынын ээси, акын Нурлан Калыбеков “Лиранын акылдуу жана эмгекчил экендиги анын жараткан мазмундуу ырларынан кабар берет”,-деди.
Акын кыздын бир тууган агасы Бакыт Турдумамбетов анын жароокер, мээримдүү жана сезимтал жан экендигин кейиш менен айтып, кеченин уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди.
Лира ой азабын, сөз азабын тартып, жалындуу жана канаттуу ырларын эмгегин калтырды.
САМАРА КАБЫЛБЕКОВА

Юнус Эмре кайрадан кыргызча сүйлөдү

Жаш акын жана котормочу Алтынбек ИсмаиловдунСүйүүнүн султаны Юнус Эмреаттуу китебинин экинчи басылышы жарык көрдү. Аталган китептин биринчи бөлүмү XIII кылымда жашап өткөн белгилүү түрк акыны Юнус Эмренин өмүрү жана чыгармачылык жолуна арналса, экинчи бөлүмү акындын ырларынын түрк тилиндеги түп нускасы менен алардын кыргызча котормосун камтыйт. Ошондой эле автор Юнус Эмренин дүйнө таанымын иликтөө максатында анын айрым ырларын талдоого алган. Окурмандардын суроо-талабы боюнча кайрадан жарыкка чыккан бул китептин биринчи басылышы 2005-жылы жарыяланган болчу.
САМАРА КАБЫЛБЕКОВА

понедельник, 15 марта 2010 г.

«Жаңы Ала-Тоо» журналынын жаңы саны

Журналдын февраль айынын саны окурмандарынын колуна тийди. Ал, Кыргыз эл жазуучусу Эрнис Турсуновдун жаңы гана жазылган “Хан Теңир” романы менен башталат. Чыгармада айтылуу казак илимпозу Ч.Валихановдун кыргыз жерине келиши, ошол доордогу жергебиздеги драмалуу, курч окуялар, адам тагдырлары баяндалат. “Манас” эпосубузду алгач кагазга түшүргөн илимпоздун жергебизге келүүсү тууралуу учкай гана сөз айтылып келсе, бул, биринчи, чоң чыгарма.

Журналда өткөн санда жарыялана баштаган карыя жазуучубуз Ж.Токтоналиевдин “Абийир өлүмдөн бийик” романынын уландысы берилген. Анда Жаңыл мырза мезилиндеги тарыхий окуялар, эл турмушу таасын жана көркөм сүрөттөлгөн.

Айылдык жазуучу А.Калбаевдин “Өлүм алдындагы чечим”, жаш калемдерден С.Максүтованын “Армандуу махабат” аңгемелери проза жанрынын али да жашап, жазылып жаткандыгын ырастайт.

Ал эми поэзиядан быйыл 70 жашка толуп жаткан акыныбыз Б.Асаналиевдин ырлары менен башталып, Э.Ажыканованын жаңы поэтикалык саптары менен уланат.

Журналдын орус-кыргыз тилдеринде жарык көрүп келе жаткандыгы жакшы көрүнүш. Чыгармаларды түп нускасында окуп, которууга не жетсин. Бул санда А.Супрундун Россияга барып иштеп жатышкан кыргыз жарандары, алардын баштан кечирген ойго келгис окуялары туурасында жаңы жазылган “Кодекс для обезьяны” повестине да орун берилгени окурмандарына жакшы жаңылык.

Котормолордон түрк элинин өткөн кылымдын башындагы беш патриот уулунун бири Адил Хикметтин “Беш түрк” документалдуу чыгармасы жалпы эле кыргыз журту үчүн табылгыс жаңылык. Анткени ал адамдар Россия, Афганистан, Кытай мамлекеттеринде өткөн орчундуу окуяларга кабалып, нечен азап-тозокторго кириптер болгон сыңары Кыргызстанга да келип, Үркүнгө катышып, биртоп кыргыз адамдарын ажалдан алып калышкан. В.Ф.Одоевскийдин Бетховен жөнүндө жазганы, С.Зуннунованын которулган ырлары да журнал өткөрүп жаткан конкурстун салмагын арттырбай койбойт.

Манасчы Т.Бакчиевдин “Манастын мекени – Кыргызстан”, кинорежиссер Ш.Апыловдун архивден таап чыккан репрессияга жол ачкан Лоцмановдун докладынын толук тексти, эл баатыры, доктор М.Мамакеевдин эскермелери окурмандарды кайдыгер калтырбасында шек жок. Кыскасы, журнал адаттагыдай эле жаңы чыгармалары, авторлору менен окурман журтун дагы бир таң калтырып, өз вазийпасын толук аткара алган. Журналга жазылып алгандар арманда калышпай, ар бир санын түгөл окуй алышат.

“Кыргызстандын жаңы адабияты”, 10-03-2010-ж.

суббота, 13 марта 2010 г.

Акыркы адамжапайынын арзуусу - Абдыкерим МУРАТОВ

Абдыкерим МУРАТОВ агайдын "Акыркы адамжапайынын арзуусу" деген новелласы Жаңы Алатоо журналынын алгачкы санында чыккан эле.
Агайдын бул чыгармасы кийин өзүнчө китеп болуп чыктыбы аны билбейбиз. Чыгарманы ЖАЖ да электрондук версиясындан окусаңыздар болот.

чыгармадан үзүндү
Анан бир күн келин көз жарат. Көз жашын көлдөтүп, эптеп таап келип, бөбөккө уйдун сүтүн берип багат, сары май оозантат. Баласын ошентип торолтот. Кийим кийгизет. Бир күнү ал чүрпөсүн, боор этинен чыккан наристесин түнү эл жашаган айыл үстүнө алып келет да:
– Сен ушундан кийин ушул адамдар менен жаша! Сенин атаң адам баласы болгон, сен да адам баласысың!– деп күйөөсүнөн айрылганга бир
ыйлап, баласынан айрылганга бир ыйлап кайра өзү аскалар тарапка чыгып кетет...
Ошондон алмат уруусу тарайт. Бул уруунун кишилери азырга чейин чыйрак, суукка байымдуу, тоого жакын дешет...
Жанагы алматтар, жети үйлүү айылдагылар, анан ушул мерген да ошол тукумданбыз деп калышат…

Иван Денисовичтин бир күнү - Александр Солженицын

Сиздерге таанытыткыбыз келген алгачкы китеп Улан Жунушбаев которгон Александр Солженицындын Иван Денисовичтин бир күнү повести. Бул китеп кыргызчага которулган Солженицындын биринчи чыгармасы болуп эсептелет. Солженицын бул повесте түрмөнүн бир эле күндүк турмушун, мүмкүн болушунча эң эле кичкинекей окуяларын баяндоо менен бирге, көңүлдү кишинин күнүмдүк турмушу менен байланышкан эң эле майда нерселерге буруп, ошо нерсенин кези келгенде канчалык болуп көрбөгөндөй бааланарын сүрөттөйт. Эркиндик жана адамдын жекече укугу канчалык кымбат экени китептин ар бир барагында мөөр басылган сыяктуу сезилет.

Повест социалдык жашоодогу адамдын ордун эмес, кишинин жекече турмушундагы баалуулуктарын сүрөттөйт. Мисалы бир кесим алакандай нан канчалык кымбат экенин жана ошо нанга жетүү үчүн, эбегейсиз күрөш кылуу керектигин, болбосо ачка калаарын көрсөтүлөт. Түрмө шарттарында кишинин бир гана максаты тирүү калуу үчүн тамактануу экенин түшүндүрөт.

Китеп жөнөкөй тил менен жазылгандыгы үчүн, бир эле отурганда бүт китепти кызыгуу менен окуп койсо болот. 

Тоолор Кулаганда - Чынгыз Айтматов

Кыргызтанда китепканаларда эчак сатыла баштаган залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовтун “Тоолор Кулаганда” романынын электрондук версиясын интернеттен түшүрүп окусаңыз болот. Роман ЖА журналынын 1-2-3 жана 4-санында жарыяланган. Кыргызстанда эместер үчүн оңой ыкма.

“Тоолор Кулаганда” Айтматовтун кыргызчага которулган чыгармасы, өтө кызыгуу менен, кунт менен окула турган роман. Айтматовтун тоодой бай, арашандай кең, айтып бүткүс сөз усталыгына маашыр болуп, романды окуп атканда улуу устаттын адабий өнөрүнөн чөлмөктөп, кана кана ичесиң... Бир тоо барсынын аңын пайлап жаткандагы корбезин усталык менен баяндоо, же кыргыздын кыз куумай оюнунун маңызын кошо аны бирдагы кайталангыз түрдө сүрөттөө баары эле жазуучуга жанада романчыга насип болбосо керек.

Чыгармада СССР дин кулашынан кийинки элдин пейлинин, жашоо тиричилигинин, руханий жакырчылыкка дуушар болуусун усталык менен чагылдырып, бүтүн ушу аргументтердин экологияга болгон коркунучтуу таасирин айтып кетет. Дүнүйө тарып, глобалдашуу деген нерсе жайылып, жер кичирейе баштаган учурда, адам баласы не кыларын билбей, амал таппай, анан эзелтен дос болуп, жар катары караан болуп келген жаратылыш деген бир бооруну заматта сатып ийерин, өз башына мүшкүл түшкөн учурда көзүнө кара кирип, канжарды ошо бир боорунун жүрөгүнө ныктап туруп, өз пайдасын ойлоп кетээрин көрөбүз. Ушу жаман пейил кишинин өзүнө жана чөйрөсүнө эле эмес, бүтүндөй мекенине зыян келтирээрин уста калем жазып өтөт.

Сүйүүнүн күчүн махабаттын камырына айлындырып, аны майын чыгара ийлеп, анан романдын эң назик жерине токочтон жүрөк жасап коюш айтматовко гана ылайык, биздин улуу жазуучубуз гана таандык болсо керек. Болбосо, жаратылышка жана кишинин ага болгон мамилесине басынч жасалган чыгармада сүйүүнү айтпай койсо деле, бирөө чыгып “чыгармада эмне үчүн сүйүү жок?” дебесе керек.

Кош келдиң Китеп!

Х-дипломаси деген блогдо да жаңы чыккан кыргызча китептер туурасында жазып, билдирип жаткан элек. Бирок ал блогдо саясий жазуулар оор болуп кеткен үчүн, китептер жөнүндөгү жаңылыктар экинчи планда калып калат экен. Китептер ушу заманда экинчи планга атылбай турган нерсе экенин сезип, ошону башкаларга да сездирели, көмөк бололу деген максат менен айрыкча блог ачып китеп жаңылыктарын жарыялап турууну чечтик. Соңку замандарда кыргыз тилинде чыгып аткан китептердин саны көбөйүп, кичине да болсо кишинин ичини жылыта баштаганы чын. Бирок, сыртта жүргөн жердештерибиз чыгып аткан китептерден кабардар болбой калып атат. Биз блогдо элге китеп таратпайбыз. Жаңы чыгып аткан кыргызча китептерден мүмкүн болсо үзүндү, сын пикир жарыялап турабыз.

Эгер ушу блогду басмаканачылар окуп калса, чыгып аткан китептериңиздерден бизге жөнөтүп турсаңыздар, китепти ушу блогда таанытканга жол болот эле. Басмаканалардан келген китептердин акчасы берилет. Электрондук түрдө деле болсо сатып алууга даяр экенибизди эскертип кетем.

Кыргызча китепке зар заман

Кыргызстанда китеп рыногу толук кандуу калыптана элек. Ар кыл китепканалардан орус тилиндеги китептерди табууга мүмкүн болгону менен кыргыз...