пятница, 11 февраля 2011 г.

Кыргызча китепке зар заман


Кыргызстанда китеп рыногу толук кандуу калыптана элек. Ар кыл китепканалардан орус тилиндеги китептерди табууга мүмкүн болгону менен кыргыз тилинде чыккан адабий чыгармалар, тармактык китептер дээрлик жокко эсе.
Борбор шаар Бишкектеги мамлекеттик жана менчик китепканалардагы китептердин дээрлик басымдуу бөлүгү орус тилинде. Бишкектеги китеп дүкөндөрүнүн да дээрлик баардыгы орус тилиндеги китептерди сатат. Кыргыз тилинде бир гана “Нуска” аттуу китеп дүкөнү бар. Ал эми аймактардагы китепканаларга кыйладан бери жаңы китептер, чет элдик көркөм адабияттардан котормолор барбай калган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча былтыркы жылдагы эл каттоодо Кыргызстанда 5 миллион 362 миң 800 адам катталган. Жалпы калктын 71 пайызын же 3 миллион 804 миңден ашуунун кыргыздар түзөт. Андан кийин эле калктын 14 пайыздан ашыгыраак бөлүгү өзбек тектүүлөрдөн турат. Үчүнчү орундагы азчылык болгон орустар калктын 8 пайызга жакынын түзөт. Калктын калган 7 пайыздайы башка майда-барат этникалык топтор.
Өлкөдөгү 4 миллионго чукул кыргыз тилдүүлөр үчүн жетиштүү деңгээлде кыргызча китептердин чыкпай атканы өзүнчө бир чоң маселе. Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакировдун пикиринде, “эл китеп окубай атат, балдар китеп окубай калды” деген сыяктуу сөздөр туура эмес. Калкты, өзгөчө окуучуларды китеп менен камсыз кылуу маселеси жакшы жолго коюлса эле китеп окугандар саны артмак:
- Союз убагында китеп чыгаруунун мамлекеттик камкордугунан тышкары, китеп менен камсыз кылуу деген талап бар болчу. Ошол талап боюнча маселен Балтика боюндагы өлкөлөрдө жыл сайын киши башына 11-13 китеп чыгарылчу. Биз ошол кездери бешинчи орундарда болуп, киши башына 9-10 китеп чыгарчубуз. Ал эми сапаты жагына келсек, ал кезде балдарга баланча миллион, чоңдорго баланча миллион китеп чыгарыш керек деген талаптар коюлчу. Улуттук китеп палатасынын иштерин карап көрдүм. Бизде азыр жазылган китептердин саны боюнча мурдагыдан кем эмес экенбиз. Бирок нускасы жагынан таптакыр куурап калыптырбыз.
Мисалы мурда совет доорунда жылына 33 миллион китеп чыгарсак, азыр бир миллионго жетпейт. Балдар үчүн жылына 5 миллиондон окуу китеп тери чыкчу. Азыр 800 миңден чыгып атат. Азыр айтып атышпайбы, “мектептерди 80-90 пайыз окуу митептери менен камсыз кылдык” деп айтып атышпайбы. Бул эми жөн эле көз боёмочулук да. Анан туруп алып балдар китеп окубай калды дейбиз. Жок. Алар окушат болчу. Биз өзүбүз китеп чыгара албай калдык. Китеп болбосо эмнени окумак эле.
Жаштар кагаз китептерди электрондук китептерге алмаштырдыбы?
Компьютер, интернет колдонуучулар көбөйгөн шаар жеринде жаштар кадимки кагаз китептерден көрө электрондук китептерди көбүрөөк колдонууга өтө башташты. Бир көркөм чыгарманы 100 сомдун тегерегиндеги акчага сатып алгандан көрө, аны интернет аркылуу көчүрүп алып окуган текейден арзан болорун жаштар жакшы билет.
Бишкек шаардык Улуттук китепкананын башкы библиографы Жамиля Айсаракунованын айтымында, ушул тапта китепканаларга окурмандар дээрлик келбей калды. Студенттердин көбү маалымат издөөдө интернетке өтүп алышты. Ал эми кыйла окурмандар кыргыз тилиндеги китептерди, маалыматтарды таппай кыйналган учурлары көп. Анткени Улуттук китепканадагы 6 миллиондон ашуун китептин дээрлик 97 пайызы орусча:
- Улуттук китепканада 49-50 жылдан бери иштеп атам. Мурда союздун учурунда китепканага бекер китептер келчү. Жылдар өткөн соң китептер келбей, окурмандардын саны азайып кетти. Эгемендик алгандан бери китепке, маданиятка көңүл бурулбай калды да. Кээ бир адамдар келип окуйлук десе, аларга керектүү китептер жок болуп калды.
Азыр кудайга шүгүр китептер Кыргызстанда чыга баштады. Бирок студенттер, окуучулар компьютерден китеп окуп, интернеттен чакан маалыматтарды алып, ошону менен чектелип калышты. Мурдагыдай казып окуган, китепканада түнкү онго чейин отурган студенттер абдан аз. Анан дагы бир маселе, кыргыз тилинде китептер жетишпейт. Бул көйгөй тээ союз маалынан бери бар. Биз өзүбүз Кыргызстан болсок, элдин көбү кыргыздар болсо, кыргызча китептер жетишпесе, анан кыргызча сүйлөбүз деп кантип айтабыз. Кичинекей балдар үчүн китептер жок. Деги кыргыз тилинде кызыгып окуй турган китеп жок.
Ушул тапта Кыргызстанда 1200 чамалуу китепкана бар. Мындан жети жыл мурда эле өлкөдө 2500 ашуун китепкана иштечү. СССР доорунда коммунисттик идеологияны пропагандалоо, элдин кат-сабатын жоюу максаттарын көздөп мамлекет китепканаларга жакшы көңүл бөлчү. Дүйнөлүк адабияттын берметтери да негизинен ошол кездери кыргыз тилине которулган. Бирок рынок экономикасына өткөндөн бери китеп чыгаруу иштери аксап, китепканалардын саны да кыскарып кетти. Айрым байкоочулар экономикалык кыйынчылыктардан улам көпчүлүк китепке акча коротууга ынтызарланбай атканын айтышса, башкалары китеп чыгаруу жана сатуу бизнесин жакшы уюштургандар чыкпай атканын, ошол себептүү басмаканалар толук кубаттуулукта иштебей турганын белгилешет.
Китеп окууга талап бар, сунуш жакшы эмеспи?
Учурда китеп чыгаруу жана сатуу иштерин уюштурган жеке ишкерлер да пайда боло баштады. Бирок азырынча кыргыз тилинде китеп чыгарууга аракет кылган андай жеке ишкерлер деле өнүп-өсүп кеткен жок.
“Жанызак” басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Жанызак кыргыз тилинде китеп жаздырып, бастырып, сатуу иштери менен алпурушуп келатат. Буга чейин ал Айгүл Шаршен, Нургүл Бейшен деген авторлорго эриккенде эрмектечү жеңил китептерди жаздырып, сатыкка чыгарып келди. Анын айтымында, Кыргызстанда китеп окууга талаптар чоң эле. Бишкекте орус тилде китеп саткан дүкөндөрдүн иштери күпүлдөп жакшы жүрүшүп атат. Бирок ошол эле маалда кыргыз тилинде мыкты, сапаттуу китептер сунушталбай атат:
- Бишкекти карап көрсөк орус этностогулар ашып кетсе 13 пайыз экен. Басымдуу бөлүгү, 70 пайызга жакыны кыргыздар. Эмне үчүн кыргыздар басымдуу болуп турган жерде орус тилиндеги китептер сатылат. Бишкекте китеп дүкөндөрү толтура, жалаң орус тилиндеги китептер турат. Демек китепке болгон муктаждык бар. Аларды кыргыздар эле сатып алып атат. Тек гана кыргыз тилинде окурмандын табитине туура келген китептерди жазгандар жок.
Жанагы жазуучулар деген бакма тооктор бар. Мамлекет каражат бөлүш керек деп эле кажылдашып отурушат. Мисалы мен азырынча эки эле автор менен иштеп атам. Айгүл Шаршен, Нургүл Бейшен анан Баратбай Аракеев. Б.Аракеев эки эле китеп жазды. Айгүл Шаршен 30-40 китеп жазды. Бирок баары бири-бирине окшош, жазуу техникасы жок. Аларды үйрөткөн киши жок. Жанагы мыктыбыз деген жазуучулар тажрыйба бөлүшпөйт. Ал эми Нургүл Бейшен менин көрсөтмөм боюнча котормолор менен иштеп атат. Менимче анын котормолору түзүк чыгып атат.
“Бийиктик” басма үйүнүн жетекчиси Жумадин Бектуровдун пикиринде, ушул тапта эл талап окугудай сапаттуу китептер кыргыз тилинде чыкпай атат. Ошол себептүү коомчулук китепти анча көп окубай атат. Анын үстүнө китеп бизнеси менен алектенгендер ишти жакшы уюштура албай, жарнамалоо жана сатуу иштерин билбей атышат:
- 2002-2003-жылдары экономика бир аз көтөрүлүп, китеп чыгарууга демөөрчүлөр көбөйүп кеткен. Бирок ал этап да өтүп кетти. Азыр китеп эки жол менен чыгып атат. Китепти жазган киши өзү же анын колдоочулары чыгарат же басмаканалардын эсебинен чыгып атат. Мамлекеттин эсебинен китеп чыкпай атат.
Анан дагы китеп окулбай калды деген ойлор айтып жүрөт. Ал туура эмес. Эл китеп окууга ынтызар. Биз китеп чыгарып, аларга сунуштай албай атабыз. Китеп чыгаруу иштерин уюштуруу, жакшы китепти жарнамалоо, аны сатуу жолдору жакшы колго алынбай атат.
Калктын кеңири катмарына арналган китептерди мындай кой, учурда мектеп окуучуларын китеп менен камсыз кылуу иштери да оор абалда. Кыргызстандын мектептерине азыркы тапта ар кыл сабак боюнча 12 миллион 200 миң даана китеп жетпейт. Билим берүү жана илим министрлиги муну каражаттын тартыштыгына байлап келет. Ошол эле маалда шаар жергесинде окуучулар интернеттеги китепканалардын кызматтарынан пайдаланганды үйрөнө башташты. Маселен literatura.kg, library.manas.kg. janyzak.kg, bizdin.kg, kerben.org сыяктуу интернет сайттарынан кызыккандар кыргыз тилиндеги көркөм адабияттарды, маалыматтарды табышса болот.
Илим Жанузаков, «Азаттык», 03.10.2010-ж

Борбордук адабият музейинде К.Басылбековдун китебинин бетачары болуп өттү


21-январь күнү Токтогул атындагы адабият музейинде жазуучу жана акын Кубанычбек Басылбековдун “Чыгыш берметтери”, “Дил сыры” жана “Акыл кенчи” китептеринин бетачары болуп өттү.

Жазуучу жана котормочу К.Басылбеков Фирдоуси, Саади, Руми, Омар Хайам сыяктуу орто кылымдагы фарсы тилдүү классиктердин да чыгармаларын которуп келет (КАБАР)

Жарыяланган датасы: 21-01-2011
http://literatura.kg/news/1912

Улуттук китепканада Т.Жапаровдун, К.Бокоевдин жана Ы.Кадыровдун китептеринин бетачары болуп өттү


Кыргызстандын Улуттук китепканасынын чоң конференц-залында үч: Токтоналы Жапаровдун “Атанын тагдыры”, Каныбек Бокоевдин “Нарындык чыгаандардын мамлекеттик ишмердиги жана алардын Кыргызстандын тарыхындагы орду” жана Ысмайыл Кадыровдун “Чериктердин кыскача тарыхы. Матай бий” китептеринин бетачары болуп өттү.


Ишчарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илим, билим, маданият өкүлдөрү, жазуучулар, акындар менен катар окурмандардын кеңири чөйрөсү катышты (КАБАР)

Жарыяланган датасы: 20-01-2011

Кыргызпатент жаңы китептерди чыгарат


2011-жылы Кыргызпатенттин колдоосу менен жети жаш автордун, ар кыл жыйнактар, атамекендик авторлордун, справочниктер, каталогдор, “Саамалык” альманахы жарык көрөт.


Кыргызпатенттин басма иштеринде балдарга арналган китептерди чыгаруу долбоору өзгөчө орунду ээлейт. Ага арзан баадагы, ар бир үй-бүлөгө жетимдүү китепчелер түрүндө жаш кыргызстандыктарды дүйнө элдеринин маданий жана каада-салттары менен тааныштыруучу “Дүйнө элдеринин жомоктору”, о.э. элдик жомок фольлорун жана адеп-ахлактык баалуулуктарга сиңирилген “Кыргыз эл жомоктору” жыйнагы арналгин. Нускалардын көпчүлүгүн борбордогу жана элеттеги балдар бакчаларына белекке берүү каралууда.

Жарыяланган датасы: 13-01-2011

четверг, 1 апреля 2010 г.

“Милли жана Мейси парады” кыргызча жарык көрдү


Америкалык жазуучу Шейне Коринин “Милли жана Мейси парады” деп аталган балдар үчүн чыгармасы кыргызча китеп болуп чыкты. Китептин бет ачаары бүгүн Бишкекте Касмаалы Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр китепканасында өтөт. Ага Кыргызстандагы АКШнын элчиси Татиана Гфэллер, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү катышат. Китеп АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин көмөгү менен жарык көрдү. Бул тууралуу аталган элчиликтен кабарлашты. Бүгүн 2-апрель балдар адабиятынын эл аралык күнү. Кыргыз өкмөтү былтыр “Мамлекеттик тилдин өнүгүшүн колдоо” боюнча токтом кабыл алган. Ага ылайык классикалык балдар адабиятын, көркөм тасмаларды, мультфильмдерди кыргызча которууга бюджеттен акча бөлүп туруу каралган. Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Бегаалы Наргозиев “Азаттыкка” азыр өкмөт дүйнөлүк адабият үлгүлөрүн которууга каражат издеп жатканын билдирген эле. (EBM)

среда, 24 марта 2010 г.

“Адашкан кайберенден” эмне табабыз?

Баткендик дагы бир жазуучу Абдинаби Даабековдун чыгармалары менен алгач кокус таанышып калгам. “Айтыш” фондунун “Калемгер” бутагы бир жылы мыкты аңгемелерге байге сайып, мен калыстар тобуна кошулуп калып, автору бизден, калыстардан, жашырылган толгон-токой чыгармалардын ичинен бир автордун төрт аңгемеси жагып туруп алды. Төртөөнө тең жакшы баа бердим, бирок шарт боюнча бир гана чыгармасы өтүшү керек экен. Албетте, “Майпуруш” дегендей дагы үч мыкты аңгемеси байгеге илинбей калганына ичим ачышты деңизчи. Жалпысынан бир чыгармасы менен дале байгелүү орунга илешти. Жашыруун атты жандыра келсек баткенчи мугалим, усулчу, ушул Абдинаби Даабеков экен. Ошол уткан аңгемеси “Булак – 1″ жыйнагына кирди. Кийин “Күзгү санаа” деген жука китебин да окудум.
Эми колумда “Адашкан кайберен” аттуу аңгемелер жана повесть жыйнагы турат. Сегиз аңгеме жана китептин аты берилген чакан повесть кирген бул жыйнак жалпысынан турмуш тууралуу, адамдар тууралуу, Сиз билген эле, аралашып жүргөн, бирок экөөбүз байкабай келген кишилер тууралуу. Жазуучу реалист катары турмушту майда-чүйдөсү менен маанилүү дегендерин аябай натуралисттик тактык, айылдык тазалык, бүркүтчөсүнөн караган көрөгөчтүк менен берет.

Сүйүүнүн баткенчи султаны

“Оо, сүйүү” деген китептин автору бүт өмүрүн агартуу тармагына арнап келе жаткан Тургунбай Жумаев. Анын буга чейин “Кумар көз”, “Сен бар үчүн” деген ыр жыйнактары чыккан. Жаңы китеби менен таанышып отуруп чын жүрөктөн оргуп келген, ашык болуп махабатка арбалган жигиттин арманын, дил туйгуларын жана эң башкысы сүйдүргөн жана сүйгөн адамдардын образдарын көрдүм.
Оо, сүйүү!
Сен ыйыксы
ң, башка ыйыктар чендебес,
Сен бийикси
ң баарына эле кол жетпес.
Таразасы
ң тактык үчүн жаралган,
Тактыгы
ңа акыл жетпес, сөз жетпес, – деп акын байыркы бабаларынча дагы бир жолу сүйүүнүн дервишине да, султанына да, кулуна да, бийине да айланып чыгат. Анын поэзиясы Баткен жеринде азырга чейин жугу-журту калып келген ортокылымдык фарсый акындарынын таасирин өзүндө сиңдирип тургандыгы менен кызыктуу. Китеп 1000 нускада Оштон чыккан.
“Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.02.2010-ж.

“Алтын-Бешик авазы”

Баткен облусунда жашап жаткан улуу-кичүү жазуучулардын жана адабият талапкерлеринин адабий чыгармаларынын топтому ушундайча аталат. Албетте, китеп антология да, хрестоматия да эмес, адабиятта тиш кагып калган таанымал инсандардын да, эң алгачкы жазгандардын тырмак алдыларын да өзүнө камтыган кадыресе адабий альманах.
Тааныштыруу максатындагы “бысымылда” сөзүн Улуттук жазуучулар союзунун облустук бөлүмүнүн төрагасы, таланттуу жазылган тарыхый романдардын автору Мурзапар Үсөнов жазган. Бул китептен Эгемберди Эрматов, Нууман Сайдуллаев, Аскар Ражабалиев, Атакул Жакыпов, Абдилат Дооров, Абдинаби Даабеков сыяктуу авторлор мурдагы бийиктигинен жаңылбай баратканын көрсөтсө, чегилбеген жумурткадан чыга электердин жазгандары жөнүндө али так пикир айтуу кыйын. Негизгиси аймактын 28 авторунун ырларын, 9 карасөзчүсүнүн аңгемелерин окуп чыккандан кийин Түштүк-Батыш Кыргызстандын абасынан дем алып, ал жактагы дили таза, сүйлөгөн-күлгөнү майин, мүнөзү камтар кишилер менен дагы бир кездешип, ичкилик говорунун ширин тилинен дагы бир жолу ооз тийесиң.
Китептин түзүүчүсү акын Тургунбай Жумаев, Ош шаарынан 500 нуска менен жарык көргөн.
“Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.02.2010-ж.
http://kmb3.kloop.kg/2010/03/01/zhaңy-kitepter-zhentegi/

Жашагым келет, жашагым” деди, бирок…

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде жаш акын Лира Үсөнакун кызынын “Жашагым келет, жашагым” деп аталган китебинин бет ачар аземи жана эскерүү кечеси өттү. Бул кече кайгылуу жана көз жашка толгон кече болду. Себеби таланттуу жаш акын азыркы учурда тирүү болгондо 31 жашка чыкмак. Шум ажал Лира Үсөнакун кызын 2009-жылдын март айында арабыздан алып кеткен. Кечеге жаш акынды окутуп билим берген мугалимдери, кесиптештери, достору жана ата-эне, бир туугандары катышты.
Алгач филология илимдеринин доктору Замира Дербишевага сөз берилди. Ал Лира Үсөнакун кызы таланты ачылбай калган жаш акын жана котормочу катары бааланды. “Шум ажал аны арабыздан алып кетпегенде таланты ташкындаган акын дагы көптөгөн ырларды жаратып, көптөгөн чыгармаларды котормок. Арабызда Лира жок, бирок анын өлбөс-өчпөс ырлары калды”,-деди Замира Дербишева.
Андан соң университеттин ага окутуучусу Мухиттин Гүмүш мырзага сөз берилип, Лира акылга бай, талантка бай жан экендигин айтып өттү. Лиранын эмгегин, адамгерчилигин, талантын үнү каргылдануу менен эскерди.
Кечеде университеттин даярдоо курсунун студенттеринин жардамы менен жаш акындын жүрөгүнүн түпкүрүнөн атылып чыккан, жөнөкөй, бирок мазмундуу жаралган ырларынан көркөм окулду.
Лира Үсөнакун кызы ырлар жыйнагын топтоп китеп кылып эл алдына чыгарууга өмүрү жетпегендигин кесиптештери жана курбулары айтып өтүштү. Анын эң жакын курбусу Зуура Алтымышова болсо, Лира ооруп ооруканада жаткан учурда да колунан калем, кагазын түшүрбөй ыр жазгандыгын эскерип өттү.
Ошондой эле Лиранын “Жашагым келет жашагым” аттуу ыр китебине баш сөз жазган, жаштар сыйлыгынын ээси, акын Нурлан Калыбеков “Лиранын акылдуу жана эмгекчил экендиги анын жараткан мазмундуу ырларынан кабар берет”,-деди.
Акын кыздын бир тууган агасы Бакыт Турдумамбетов анын жароокер, мээримдүү жана сезимтал жан экендигин кейиш менен айтып, кеченин уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди.
Лира ой азабын, сөз азабын тартып, жалындуу жана канаттуу ырларын эмгегин калтырды.
САМАРА КАБЫЛБЕКОВА

Юнус Эмре кайрадан кыргызча сүйлөдү

Жаш акын жана котормочу Алтынбек ИсмаиловдунСүйүүнүн султаны Юнус Эмреаттуу китебинин экинчи басылышы жарык көрдү. Аталган китептин биринчи бөлүмү XIII кылымда жашап өткөн белгилүү түрк акыны Юнус Эмренин өмүрү жана чыгармачылык жолуна арналса, экинчи бөлүмү акындын ырларынын түрк тилиндеги түп нускасы менен алардын кыргызча котормосун камтыйт. Ошондой эле автор Юнус Эмренин дүйнө таанымын иликтөө максатында анын айрым ырларын талдоого алган. Окурмандардын суроо-талабы боюнча кайрадан жарыкка чыккан бул китептин биринчи басылышы 2005-жылы жарыяланган болчу.
САМАРА КАБЫЛБЕКОВА

понедельник, 15 марта 2010 г.

«Жаңы Ала-Тоо» журналынын жаңы саны

Журналдын февраль айынын саны окурмандарынын колуна тийди. Ал, Кыргыз эл жазуучусу Эрнис Турсуновдун жаңы гана жазылган “Хан Теңир” романы менен башталат. Чыгармада айтылуу казак илимпозу Ч.Валихановдун кыргыз жерине келиши, ошол доордогу жергебиздеги драмалуу, курч окуялар, адам тагдырлары баяндалат. “Манас” эпосубузду алгач кагазга түшүргөн илимпоздун жергебизге келүүсү тууралуу учкай гана сөз айтылып келсе, бул, биринчи, чоң чыгарма.

Журналда өткөн санда жарыялана баштаган карыя жазуучубуз Ж.Токтоналиевдин “Абийир өлүмдөн бийик” романынын уландысы берилген. Анда Жаңыл мырза мезилиндеги тарыхий окуялар, эл турмушу таасын жана көркөм сүрөттөлгөн.

Айылдык жазуучу А.Калбаевдин “Өлүм алдындагы чечим”, жаш калемдерден С.Максүтованын “Армандуу махабат” аңгемелери проза жанрынын али да жашап, жазылып жаткандыгын ырастайт.

Ал эми поэзиядан быйыл 70 жашка толуп жаткан акыныбыз Б.Асаналиевдин ырлары менен башталып, Э.Ажыканованын жаңы поэтикалык саптары менен уланат.

Журналдын орус-кыргыз тилдеринде жарык көрүп келе жаткандыгы жакшы көрүнүш. Чыгармаларды түп нускасында окуп, которууга не жетсин. Бул санда А.Супрундун Россияга барып иштеп жатышкан кыргыз жарандары, алардын баштан кечирген ойго келгис окуялары туурасында жаңы жазылган “Кодекс для обезьяны” повестине да орун берилгени окурмандарына жакшы жаңылык.

Котормолордон түрк элинин өткөн кылымдын башындагы беш патриот уулунун бири Адил Хикметтин “Беш түрк” документалдуу чыгармасы жалпы эле кыргыз журту үчүн табылгыс жаңылык. Анткени ал адамдар Россия, Афганистан, Кытай мамлекеттеринде өткөн орчундуу окуяларга кабалып, нечен азап-тозокторго кириптер болгон сыңары Кыргызстанга да келип, Үркүнгө катышып, биртоп кыргыз адамдарын ажалдан алып калышкан. В.Ф.Одоевскийдин Бетховен жөнүндө жазганы, С.Зуннунованын которулган ырлары да журнал өткөрүп жаткан конкурстун салмагын арттырбай койбойт.

Манасчы Т.Бакчиевдин “Манастын мекени – Кыргызстан”, кинорежиссер Ш.Апыловдун архивден таап чыккан репрессияга жол ачкан Лоцмановдун докладынын толук тексти, эл баатыры, доктор М.Мамакеевдин эскермелери окурмандарды кайдыгер калтырбасында шек жок. Кыскасы, журнал адаттагыдай эле жаңы чыгармалары, авторлору менен окурман журтун дагы бир таң калтырып, өз вазийпасын толук аткара алган. Журналга жазылып алгандар арманда калышпай, ар бир санын түгөл окуй алышат.

“Кыргызстандын жаңы адабияты”, 10-03-2010-ж.

суббота, 13 марта 2010 г.

Акыркы адамжапайынын арзуусу - Абдыкерим МУРАТОВ

Абдыкерим МУРАТОВ агайдын "Акыркы адамжапайынын арзуусу" деген новелласы Жаңы Алатоо журналынын алгачкы санында чыккан эле.
Агайдын бул чыгармасы кийин өзүнчө китеп болуп чыктыбы аны билбейбиз. Чыгарманы ЖАЖ да электрондук версиясындан окусаңыздар болот.

чыгармадан үзүндү
Анан бир күн келин көз жарат. Көз жашын көлдөтүп, эптеп таап келип, бөбөккө уйдун сүтүн берип багат, сары май оозантат. Баласын ошентип торолтот. Кийим кийгизет. Бир күнү ал чүрпөсүн, боор этинен чыккан наристесин түнү эл жашаган айыл үстүнө алып келет да:
– Сен ушундан кийин ушул адамдар менен жаша! Сенин атаң адам баласы болгон, сен да адам баласысың!– деп күйөөсүнөн айрылганга бир
ыйлап, баласынан айрылганга бир ыйлап кайра өзү аскалар тарапка чыгып кетет...
Ошондон алмат уруусу тарайт. Бул уруунун кишилери азырга чейин чыйрак, суукка байымдуу, тоого жакын дешет...
Жанагы алматтар, жети үйлүү айылдагылар, анан ушул мерген да ошол тукумданбыз деп калышат…

Кыргызча китепке зар заман

Кыргызстанда китеп рыногу толук кандуу калыптана элек. Ар кыл китепканалардан орус тилиндеги китептерди табууга мүмкүн болгону менен кыргыз...