среда, 24 марта 2010 г.

“Адашкан кайберенден” эмне табабыз?

Баткендик дагы бир жазуучу Абдинаби Даабековдун чыгармалары менен алгач кокус таанышып калгам. “Айтыш” фондунун “Калемгер” бутагы бир жылы мыкты аңгемелерге байге сайып, мен калыстар тобуна кошулуп калып, автору бизден, калыстардан, жашырылган толгон-токой чыгармалардын ичинен бир автордун төрт аңгемеси жагып туруп алды. Төртөөнө тең жакшы баа бердим, бирок шарт боюнча бир гана чыгармасы өтүшү керек экен. Албетте, “Майпуруш” дегендей дагы үч мыкты аңгемеси байгеге илинбей калганына ичим ачышты деңизчи. Жалпысынан бир чыгармасы менен дале байгелүү орунга илешти. Жашыруун атты жандыра келсек баткенчи мугалим, усулчу, ушул Абдинаби Даабеков экен. Ошол уткан аңгемеси “Булак – 1″ жыйнагына кирди. Кийин “Күзгү санаа” деген жука китебин да окудум.
Эми колумда “Адашкан кайберен” аттуу аңгемелер жана повесть жыйнагы турат. Сегиз аңгеме жана китептин аты берилген чакан повесть кирген бул жыйнак жалпысынан турмуш тууралуу, адамдар тууралуу, Сиз билген эле, аралашып жүргөн, бирок экөөбүз байкабай келген кишилер тууралуу. Жазуучу реалист катары турмушту майда-чүйдөсү менен маанилүү дегендерин аябай натуралисттик тактык, айылдык тазалык, бүркүтчөсүнөн караган көрөгөчтүк менен берет.

Сүйүүнүн баткенчи султаны

“Оо, сүйүү” деген китептин автору бүт өмүрүн агартуу тармагына арнап келе жаткан Тургунбай Жумаев. Анын буга чейин “Кумар көз”, “Сен бар үчүн” деген ыр жыйнактары чыккан. Жаңы китеби менен таанышып отуруп чын жүрөктөн оргуп келген, ашык болуп махабатка арбалган жигиттин арманын, дил туйгуларын жана эң башкысы сүйдүргөн жана сүйгөн адамдардын образдарын көрдүм.
Оо, сүйүү!
Сен ыйыксы
ң, башка ыйыктар чендебес,
Сен бийикси
ң баарына эле кол жетпес.
Таразасы
ң тактык үчүн жаралган,
Тактыгы
ңа акыл жетпес, сөз жетпес, – деп акын байыркы бабаларынча дагы бир жолу сүйүүнүн дервишине да, султанына да, кулуна да, бийине да айланып чыгат. Анын поэзиясы Баткен жеринде азырга чейин жугу-журту калып келген ортокылымдык фарсый акындарынын таасирин өзүндө сиңдирип тургандыгы менен кызыктуу. Китеп 1000 нускада Оштон чыккан.
“Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.02.2010-ж.

“Алтын-Бешик авазы”

Баткен облусунда жашап жаткан улуу-кичүү жазуучулардын жана адабият талапкерлеринин адабий чыгармаларынын топтому ушундайча аталат. Албетте, китеп антология да, хрестоматия да эмес, адабиятта тиш кагып калган таанымал инсандардын да, эң алгачкы жазгандардын тырмак алдыларын да өзүнө камтыган кадыресе адабий альманах.
Тааныштыруу максатындагы “бысымылда” сөзүн Улуттук жазуучулар союзунун облустук бөлүмүнүн төрагасы, таланттуу жазылган тарыхый романдардын автору Мурзапар Үсөнов жазган. Бул китептен Эгемберди Эрматов, Нууман Сайдуллаев, Аскар Ражабалиев, Атакул Жакыпов, Абдилат Дооров, Абдинаби Даабеков сыяктуу авторлор мурдагы бийиктигинен жаңылбай баратканын көрсөтсө, чегилбеген жумурткадан чыга электердин жазгандары жөнүндө али так пикир айтуу кыйын. Негизгиси аймактын 28 авторунун ырларын, 9 карасөзчүсүнүн аңгемелерин окуп чыккандан кийин Түштүк-Батыш Кыргызстандын абасынан дем алып, ал жактагы дили таза, сүйлөгөн-күлгөнү майин, мүнөзү камтар кишилер менен дагы бир кездешип, ичкилик говорунун ширин тилинен дагы бир жолу ооз тийесиң.
Китептин түзүүчүсү акын Тургунбай Жумаев, Ош шаарынан 500 нуска менен жарык көргөн.
“Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.02.2010-ж.
http://kmb3.kloop.kg/2010/03/01/zhaңy-kitepter-zhentegi/

Жашагым келет, жашагым” деди, бирок…

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде жаш акын Лира Үсөнакун кызынын “Жашагым келет, жашагым” деп аталган китебинин бет ачар аземи жана эскерүү кечеси өттү. Бул кече кайгылуу жана көз жашка толгон кече болду. Себеби таланттуу жаш акын азыркы учурда тирүү болгондо 31 жашка чыкмак. Шум ажал Лира Үсөнакун кызын 2009-жылдын март айында арабыздан алып кеткен. Кечеге жаш акынды окутуп билим берген мугалимдери, кесиптештери, достору жана ата-эне, бир туугандары катышты.
Алгач филология илимдеринин доктору Замира Дербишевага сөз берилди. Ал Лира Үсөнакун кызы таланты ачылбай калган жаш акын жана котормочу катары бааланды. “Шум ажал аны арабыздан алып кетпегенде таланты ташкындаган акын дагы көптөгөн ырларды жаратып, көптөгөн чыгармаларды котормок. Арабызда Лира жок, бирок анын өлбөс-өчпөс ырлары калды”,-деди Замира Дербишева.
Андан соң университеттин ага окутуучусу Мухиттин Гүмүш мырзага сөз берилип, Лира акылга бай, талантка бай жан экендигин айтып өттү. Лиранын эмгегин, адамгерчилигин, талантын үнү каргылдануу менен эскерди.
Кечеде университеттин даярдоо курсунун студенттеринин жардамы менен жаш акындын жүрөгүнүн түпкүрүнөн атылып чыккан, жөнөкөй, бирок мазмундуу жаралган ырларынан көркөм окулду.
Лира Үсөнакун кызы ырлар жыйнагын топтоп китеп кылып эл алдына чыгарууга өмүрү жетпегендигин кесиптештери жана курбулары айтып өтүштү. Анын эң жакын курбусу Зуура Алтымышова болсо, Лира ооруп ооруканада жаткан учурда да колунан калем, кагазын түшүрбөй ыр жазгандыгын эскерип өттү.
Ошондой эле Лиранын “Жашагым келет жашагым” аттуу ыр китебине баш сөз жазган, жаштар сыйлыгынын ээси, акын Нурлан Калыбеков “Лиранын акылдуу жана эмгекчил экендиги анын жараткан мазмундуу ырларынан кабар берет”,-деди.
Акын кыздын бир тууган агасы Бакыт Турдумамбетов анын жароокер, мээримдүү жана сезимтал жан экендигин кейиш менен айтып, кеченин уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди.
Лира ой азабын, сөз азабын тартып, жалындуу жана канаттуу ырларын эмгегин калтырды.
САМАРА КАБЫЛБЕКОВА

Юнус Эмре кайрадан кыргызча сүйлөдү

Жаш акын жана котормочу Алтынбек ИсмаиловдунСүйүүнүн султаны Юнус Эмреаттуу китебинин экинчи басылышы жарык көрдү. Аталган китептин биринчи бөлүмү XIII кылымда жашап өткөн белгилүү түрк акыны Юнус Эмренин өмүрү жана чыгармачылык жолуна арналса, экинчи бөлүмү акындын ырларынын түрк тилиндеги түп нускасы менен алардын кыргызча котормосун камтыйт. Ошондой эле автор Юнус Эмренин дүйнө таанымын иликтөө максатында анын айрым ырларын талдоого алган. Окурмандардын суроо-талабы боюнча кайрадан жарыкка чыккан бул китептин биринчи басылышы 2005-жылы жарыяланган болчу.
САМАРА КАБЫЛБЕКОВА

понедельник, 15 марта 2010 г.

«Жаңы Ала-Тоо» журналынын жаңы саны

Журналдын февраль айынын саны окурмандарынын колуна тийди. Ал, Кыргыз эл жазуучусу Эрнис Турсуновдун жаңы гана жазылган “Хан Теңир” романы менен башталат. Чыгармада айтылуу казак илимпозу Ч.Валихановдун кыргыз жерине келиши, ошол доордогу жергебиздеги драмалуу, курч окуялар, адам тагдырлары баяндалат. “Манас” эпосубузду алгач кагазга түшүргөн илимпоздун жергебизге келүүсү тууралуу учкай гана сөз айтылып келсе, бул, биринчи, чоң чыгарма.

Журналда өткөн санда жарыялана баштаган карыя жазуучубуз Ж.Токтоналиевдин “Абийир өлүмдөн бийик” романынын уландысы берилген. Анда Жаңыл мырза мезилиндеги тарыхий окуялар, эл турмушу таасын жана көркөм сүрөттөлгөн.

Айылдык жазуучу А.Калбаевдин “Өлүм алдындагы чечим”, жаш калемдерден С.Максүтованын “Армандуу махабат” аңгемелери проза жанрынын али да жашап, жазылып жаткандыгын ырастайт.

Ал эми поэзиядан быйыл 70 жашка толуп жаткан акыныбыз Б.Асаналиевдин ырлары менен башталып, Э.Ажыканованын жаңы поэтикалык саптары менен уланат.

Журналдын орус-кыргыз тилдеринде жарык көрүп келе жаткандыгы жакшы көрүнүш. Чыгармаларды түп нускасында окуп, которууга не жетсин. Бул санда А.Супрундун Россияга барып иштеп жатышкан кыргыз жарандары, алардын баштан кечирген ойго келгис окуялары туурасында жаңы жазылган “Кодекс для обезьяны” повестине да орун берилгени окурмандарына жакшы жаңылык.

Котормолордон түрк элинин өткөн кылымдын башындагы беш патриот уулунун бири Адил Хикметтин “Беш түрк” документалдуу чыгармасы жалпы эле кыргыз журту үчүн табылгыс жаңылык. Анткени ал адамдар Россия, Афганистан, Кытай мамлекеттеринде өткөн орчундуу окуяларга кабалып, нечен азап-тозокторго кириптер болгон сыңары Кыргызстанга да келип, Үркүнгө катышып, биртоп кыргыз адамдарын ажалдан алып калышкан. В.Ф.Одоевскийдин Бетховен жөнүндө жазганы, С.Зуннунованын которулган ырлары да журнал өткөрүп жаткан конкурстун салмагын арттырбай койбойт.

Манасчы Т.Бакчиевдин “Манастын мекени – Кыргызстан”, кинорежиссер Ш.Апыловдун архивден таап чыккан репрессияга жол ачкан Лоцмановдун докладынын толук тексти, эл баатыры, доктор М.Мамакеевдин эскермелери окурмандарды кайдыгер калтырбасында шек жок. Кыскасы, журнал адаттагыдай эле жаңы чыгармалары, авторлору менен окурман журтун дагы бир таң калтырып, өз вазийпасын толук аткара алган. Журналга жазылып алгандар арманда калышпай, ар бир санын түгөл окуй алышат.

“Кыргызстандын жаңы адабияты”, 10-03-2010-ж.

суббота, 13 марта 2010 г.

Акыркы адамжапайынын арзуусу - Абдыкерим МУРАТОВ

Абдыкерим МУРАТОВ агайдын "Акыркы адамжапайынын арзуусу" деген новелласы Жаңы Алатоо журналынын алгачкы санында чыккан эле.
Агайдын бул чыгармасы кийин өзүнчө китеп болуп чыктыбы аны билбейбиз. Чыгарманы ЖАЖ да электрондук версиясындан окусаңыздар болот.

чыгармадан үзүндү
Анан бир күн келин көз жарат. Көз жашын көлдөтүп, эптеп таап келип, бөбөккө уйдун сүтүн берип багат, сары май оозантат. Баласын ошентип торолтот. Кийим кийгизет. Бир күнү ал чүрпөсүн, боор этинен чыккан наристесин түнү эл жашаган айыл үстүнө алып келет да:
– Сен ушундан кийин ушул адамдар менен жаша! Сенин атаң адам баласы болгон, сен да адам баласысың!– деп күйөөсүнөн айрылганга бир
ыйлап, баласынан айрылганга бир ыйлап кайра өзү аскалар тарапка чыгып кетет...
Ошондон алмат уруусу тарайт. Бул уруунун кишилери азырга чейин чыйрак, суукка байымдуу, тоого жакын дешет...
Жанагы алматтар, жети үйлүү айылдагылар, анан ушул мерген да ошол тукумданбыз деп калышат…

Кыргызча китепке зар заман

Кыргызстанда китеп рыногу толук кандуу калыптана элек. Ар кыл китепканалардан орус тилиндеги китептерди табууга мүмкүн болгону менен кыргыз...