Баткендик дагы бир жазуучу Абдинаби Даабековдун чыгармалары менен алгач кокус таанышып калгам. “Айтыш” фондунун “Калемгер” бутагы бир жылы мыкты аңгемелерге байге сайып, мен калыстар тобуна кошулуп калып, автору бизден, калыстардан, жашырылган толгон-токой чыгармалардын ичинен бир автордун төрт аңгемеси жагып туруп алды. Төртөөнө тең жакшы баа бердим, бирок шарт боюнча бир гана чыгармасы өтүшү керек экен. Албетте, “Майпуруш” дегендей дагы үч мыкты аңгемеси байгеге илинбей калганына ичим ачышты деңизчи. Жалпысынан бир чыгармасы менен дале байгелүү орунга илешти. Жашыруун атты жандыра келсек баткенчи мугалим, усулчу, ушул Абдинаби Даабеков экен. Ошол уткан аңгемеси “Булак – 1″ жыйнагына кирди. Кийин “Күзгү санаа” деген жука китебин да окудум.
Эми колумда “Адашкан кайберен” аттуу аңгемелер жана повесть жыйнагы турат. Сегиз аңгеме жана китептин аты берилген чакан повесть кирген бул жыйнак жалпысынан турмуш тууралуу, адамдар тууралуу, Сиз билген эле, аралашып жүргөн, бирок экөөбүз байкабай келген кишилер тууралуу. Жазуучу реалист катары турмушту майда-чүйдөсү менен маанилүү дегендерин аябай натуралисттик тактык, айылдык тазалык, бүркүтчөсүнөн караган көрөгөчтүк менен берет.